Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Миң-Булак айылында 36 түтүн электрсиз калды


Нарын районунун 160 түтүн калк жашаган Миң-Булак айылындагы 36 түтүн эл бир аптадан бери жарыксыз күн кечиришүүдө. Мындай маалыматты аталган айылдын тургуну Эдилбек Сыдыков телефон аркылуу “Азаттыкка” маалымдады. Элеттик жарандын айтымында 8 айдан бери электр бирде жогору, бирде төмөн чыңалууда берилгендиктен электр шаймандары, шамдары, телевизорлору күйүп кетүүдө. –“Айылдагы эки көчөнүн биринде бир аптадан бери экинчи көчөдө болсо эки күндөн бери электр таптакыр өчүп калды”,-дейт Эдилбек Сыдыков. Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Мирадил Кашкаев трансформатор беш күн мурда бузулгандыгын, аны кран менен Нарын шаарына алып келип бүгүн оңдоо жүргүзүлөөрүн билдирди. (KUs).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG