Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Ысык-Көл спорт оюндары жыл сайын өтмөй болду


Кыргызстанда “Азия - кызматташтыктын аймагы” деген аталышта жыл сайын Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары өткөрүлөт. Кыргыз өкмөтү ушундай токтом чыгарганы кечээ кабарланды. Бул иш-чараны жетектөө үчүн вице премьер-министр башында турган уюштуруу комитети түзүлүп, Спорт оюндарынын жобосун иштеп чыгуу тапшырылды. Ушундай эле аталыштагы спорт оюндарды буга чейин Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты агенттиги ШКУ жана Кесиптик кошун, спорт уюмдарынын Эл аралык федерациясы менен бирге 2001-жылдан бери өткөрүп келатат. Ага өткөн жылдары Кытай, Орусия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан аймактарынан 2500 киши катышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG