Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Балыкчыда камалгандардын айыбы негизсиз


Мындай билдирүүнү президенттик шайлоо күнү Балыкчыда кармалгандардын туугандары жана адвокаттары бүгүн маалымат жыйынында жасашты. Ошондой эле алар Балыкчы окуясы боюнча ишти калыс карап берүү жана окуяга тиешеси жок адамдарды бошотуу тууралуу ачык катты мамлекет башчы К.Бакиевге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жолдошту. Камалгандардын туугандары бул иш боюнча соттун чечимин угуп,эгерде алар бошотулбаса, анда митинг жана ачкачылык акцияларын уюштурушаарын айтышты. 23-июлда президенттик шайлоого тоскоол кылды деген айып менен Балыкчыда 14 адам камакка алынган. Аларга Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча Конституциялык түзүлүшкө кол салды, шайлоого тоскоол болду, баш аламандык уюштурууга аракет кылды деген айыптар тагылууда. Адвокаттар коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин айтышууда. Кармалаган 14 адамдын бирөө аял, төртөө 35 жаш курактагылар, ал эми калгандары 30 жашка чыга элек жаш жигиттер. Учурда кармалгандар Балыкчынын тергөө абагында отурушат. Тергөө иштери бүткөн соң сот боло турган күн белгиленет. (MSu)<br /><br />

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG