Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

А.Абдырасулова УКМКнын жанына пикетке чыгат


“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 17-августка планаштырылып жаткан иш чарада террорчулука каршы күрөштө адам укуктарын коргоо жана УКМК системасын реформалоо талаптары айтылат. А.Абдыраслованын айтымында, Ноокатта болгон акыркы окуялар түздөн түз УКМК менен байланыштуу. “Учурда УКМК адамдардын укугун коргобой эле, саясий куугунтукка алуу,саясий лидерлерге кылмыш иштерин козгоо боюнча уста болуп калды. УКМК жабык структура болгондуктан алар эмне иш жасап жатканы белгисиз жана түшүнүксүз болуп жатат. Коомчулук бул орган эмне менен алек болуп жатканын билиши керек. Ошондуктан УКМК сөзсүз түрдө реформаланышы керек”, дейт А. Абдырасулова “Азаттыкка” берген интервьюсунда. Укук коргоочунун белгилешинче, 3-августта ал УКМКнын жанында пикет өткөрүүгө уруксат сурап Биринчи май райондук администрациясына кайрылган, бирок администрациянын аппарат жетекчиси Канат Айдаров пикет өткөрүүгө тыюу салган. 5-августта А.Абдырасулова Биринчи май районунун прокуроруна, район аралык сотко кайрылгандан кийин гана иш чараны өткөрүүгө уруксат алган. (MSu)

XS
SM
MD
LG