Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Ош-Баткен-Исфана жолу боюнча коомдук угуулар өттү


Бүгүн Транспорт жана коммуникация министрлигинде өткөн коомдук угууларда Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо долбоорунун айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасири, Пүлгөн-Бүргөндү жолун курууда келип чыкчу көйгөйлөр талкууланды. Министрликтин статс-катчысы Кубанычбек Мамаевдин айтымында, ушул тапта Баткен облусунун коңшу малекеттердин анклавдары менен чектеш аймактарында транспорттук байланыш маселеси курч турат. К.Мамаев Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо долбоорунун ишке ашышы бул проблеманы чечүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди. Маалыматка караганда, социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү айрым проблемаларды чечүү жана транспорттук көз карандысыздыкты камсыз кылуу боюнча өкмөттө Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого инвестицияларды тартуу үчүн сүйлөшүүлөр жүруп жатат. Ош-Баткен-Исфана авто жолунун жалпы узундугу 359 чакырымды түзөт. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG