Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Баткен облустук телерадиокомпаниясы эфирге чыкпай калды


Мындай маалыматты облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Мердишов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында областтык телерадиокомпания Улуттук биринчи канал менен Маданият жана маалымат министрлигинин ортосундагы келишим жоктугунан эки жолу эфирге чыкпай калды. Баткен областтык телерадиокомпаниясы буга чейин жумасына бир жолу эки сааттан биринчи канал аркылуу эфирге чыгып келген. Ал эми облустук телевидениенин жетекчиси Алтынай Арстанбекова компания таптакыр ишмердүүлүгүн токтоткон жок, сентябрь айынан баштап кайра эфирге чыгып калышы мүмкүн деп билдирди. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG