Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Бишкекте он беш күн камалгандар кайрылуу жасашат


Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 29-июлда Бишкекте камакка алынып, кечээ бошотулган каршылык акциясынын катышуучулары жалпы коомчулукка атайын кайрылуу менен чыгышууда. Кайрылууда оппозицияга тилектештигин билдирген жарандар жөн жеринен камалып, сабалып, куугунтукка алынып жатканы, ошондой эле өлкөдөгү авторитардык режим катаал тоталитардык диктатурага айланганы айтылат.

Андан тышкары камалып чыккан тогуз адам келаткан дүйшөмбүдө маалымат жыйын өткөрүп, президенттик шайлоого жана өлкөдөгү кырдаалга баа беришет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG