Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:46

Диний билим берүү маселеси талкууланууда


Бүгүн Бишкек шаарынын жакасындагы Кой-Таш айылында Кыргызстандагы диний билим берүүнүн жарандык коом менен карым-катнашы туурасында талкуу өтүүдө. Талкууга Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, АКШнын эл аралык өнүктүрүү долбоору, өлкөнүн аймактарынан келген медресе мударистери, христиан мектептеринин окутуучулары, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Талкууда диний негизде пайда болуучу келишпестиктерди болтурбоо, дин жаатында туура саясат жүргүзүү жана диний билим берүү маселелери козголууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG