Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Баткенде “губернатор кетсин!” деген акция өттү


Бүгүн Баткен шаарындагы борбордук базарды шаар четине көчүрүү тууралуу жергиликтүү бийликтин чечимин ишке ашыруу үчүн күч кызматтары базарды жаап салышып, сатуучуларды киргизбей коюшту. Ал жерде соода кылышкан жүздөй атуулдар бул чечимге нараазылык билдирип, облустук акимчиликтин астына келип мурдагы эски базарды ачып берүү талабын айтышты. Облустук бийлик өкүлдөрү болсо бул чечим жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынганын, ал бул чечимден артка кайтпастыгын айтышты. Ал эми нараазылык билдирген атуулдар базарды көчүрүү ишине облус губернаторунун жеке кызыкчылыгы болуп жатат дешип, учурда жүздөй адам “губерантор кетсин!” деп кыйкырып турушту. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG