Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:33

Учак кырсыгы боюнча сот иши жылдырылды


Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда былтыр август айында кырсыктаган “Боинг-737” учагы боюнча сот процесси башталды. Бирок жабырлануучулардын жактоочусу Ирина Синельникованын материалдар менен толук таанышып чыгуу өтүнүчүнөн кийин сот иши 27-августка жылдырылды.

Бүгүнкү сот процессине он бир жабырлануучу келген жок. Көпчүлүк жабырлануучулардын кызыкчылыгын алардын жактоочулары коргоп жүрүшөт.

Кырсык боюнча учактын учкучтарына айып тагылууда. “Боингдин” учкучтары Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин алдын ала тергөөлөргө ылайык Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча айыпталууда. Бул беренеде аба, темир жол жана суу транспортунда коопсуздук эрежелерин бузуп, бир канча адамдын өлүмүнө себепкер болгондор жети жылдан он беш жылга чейин абакка кесилери айтылган.

Учурда 58 жаштагы учак командири Юрий Гончаров 2008-жылдын 4-сентябрынан бери Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда камакта. Ал эми 36 жаштагы Тимофей Водолагин сыртка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.

Эскерте кетсек, былтыр 24-августта “Манас” аба майданынан көтөрүлгөн “Боинг-737” жүргүнчүлөр учагы кулап түшүп, 65 адам өлүмгө дуушар болгон. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG