Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Таласта мөндүр менен шамал кыйла чыгым алып келди


Талас облусунун Бакай-Ата районундагы өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын эсеби боюнча, аталган райондун Шадыкан айыл өкмөтүндө болгон катуу шамал менен мөндүр 24,1 миллион сомдой зыян алып келди. Анын айынан бир катар турак-жайлар, талаадагы эгин-тегиндер жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Шадыкан айыл өкмөтүндө катуу шамал турак-жайлардын чатырынан 243 даана шиферди учуруп кеткен. Жалпысынан катуу шамал 60 миң сомдун тегерегинде чыгым алып келген. Ал эми зыяндын көбү айыл-чарба азыктарына туш келип, эгин, жүгөрү, төө буурчак, картөшкө талааларынын кыйласы жабыркаган. (IJz)

XS
SM
MD
LG