Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Журналисттер менен бийлик ортосунда диалог керек


«Комсомольская правда-Кыргызстан» гезитинин баш редактору Азамат Тынаевдин оюнча журналисттерге карата кол салуулар кыргыз бийлигинин сөз эркиндигин тааныбаганынан болуп атат. Андыктан журналисттер коомчулугу бийликти диалогко чакырып, бул кол салуулардын артында бийлик жокпу деген суроого жооп алышы керек. “Диалог түзүп, бийликтен так сөз угуш керек. Журналисттерге карата бул кол салууларга бийликтин тиешеси барбы же жокпу? Эгерде жок болсо, эмнеге ушул убакка чейин ушул кол салуулардын бир күнөөкөрү табылган жок жана тийиштүү жазасын алган жок?” –деп суроо коет журналист.

2009-жылы Кыргызстанда “Репортер-Бишкектин” серепчиси Сыргак Абдылдаев, оппозициялык гезиттин жазмакери Абдувахап Мониев, журналисттер Улугбек Бабакулов, Елена Агеева, Бахадир Кенжебаевге белгисиз адамдар тарабынан кол салуулар катталган. Быйыл журналист Алмаз Ташиев милиция кызматкерлеринин келтегинен турбай көз жумду. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG