Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Каруби туткундар кыйноолордон көз жумганын айтат


Иран оппозициясынын өкүлү Мехди Карубинин айтымында, президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларга чыккан бир нече жаш адам ураан чакыргандыгы үчүн токмок жеп каза тапкан. Мындай билдирүү анын вебсайтында жарык көрдү. Буга чейин шайлоодо жеңилип калган Каруби камакка алынган айрым демонстранттар абакта зордукталган деп айыптаган. Иран бийлиги андай ырастоолорду “негизсиз” деп атап, четке каккан. БУУнун расмий өкүлү Тегеран өкмөтүнө кайрылып, кыйноолордун орун алып албаганын иликтөөгө чакырган. Бирок Манфред Новактын айтымында, азырынча андай тергөө жүрүп жатат деген белги байкала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG