Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Oн беш күн камалып чыккандар билдирүү жасашат


Бул тууралуу Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” маалымдады. 29-июль күнү Бишкектеги оппозициянын митингдери учурунда ондогон адамдар кармалып, алардын ичинен Топчубек Тургуналиев баштаган тогуз адамды сот он беш күнгө камоого чечим кылган. Андан тышкары бир канча адам жети күнгө камалып, көпчүлүгүнө акчалай айыптар салынган.

Эми он беш күн камалып чыккандар эртең атайын билдирүү менен чыгышып, 23-июлда өткөн президенттик шайлоого жана өлкөдөгү саясий кырдаалга баа беришет. Т.Тургуналиевдин айтымында, кайрылуу эртең маалымат жыйынында ырасмий түрдө жарыяланат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG