Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Балыкчыда камакта жаткандардын иши дале тергелүүдө


23-июлда президенттик шайлоо болгон күнү Балыкчы шаарында нааразы болгон адамдар көчөгө чыгып, аларды кууп таркатуу учурунда ондогон адамдар кармалган эле. 24-июлда Балыкчы шаардык соту кармалгандардын он төртүн тергөө бүткөнчө эки айга камоо чечимин чыгарган. Камалгандардын жактоочуларынын бири Эрмек Шаршеевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда камалгандардын иши дале тергөөдө.

Жактоочулардын айтымында, камактагы 14 адамдын мойнуна өтө эле оор беренелер тагылууда. Ал эми камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын Ысык-Көл облустук соту 7-августта четке каккан. Камактагылар Кылмыш кодексинин 139, 233, 297-беренелери боюнча айыпталууда. Бул беренелер оор кылмыштардын катарына кирип, аны менен соттолгондого 10 жылдан ашуун мөөнөт берилиши ыктымал. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG