Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Иран француз мугалимин түрмөдөн бошотту


Түрмөдөн күрөө менен бошотулган Клотильд Рейс Франциянын Тегерандагы элчилигине өткөрүлүп берилди жана ирандык соттун чечимин ошол жерде күтүүгө тийиш. Ал 1-июль күнү Ирандагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларга катышкан соң камакка алынган. Иран тарап 24 жаштагы франциялык окутуучуну тыңчылык кылып, бийликти кулатууну максат кылган козголоңго шыкакчы болгону үчүн айыптоодо.

Ал кармалганга чейин Исфахан шарындагы мектептердин биринде француз тили мугалимине жардамчылык кылган.

Француз президенти Николя Саркозинин кеңсесинин билдиргенине караганда, президент Клотильд Рейс менен ал Тегерандагы Эвин түрмөсүнөн чыгаар замат сүйлөшкөн. Француз тарап мугалимге тагылган айыптар алынып салынышын талап кылууда. Президент Саркози мугалимдин түрмөгө түшүүсүн“эч нерсе менен актоого болбой турган” иш катары мүнөздөдү.

Француз тышкы иштер министри Бернард Кушнердин билдиргенине караганда, Клотильд Рейсти бошотуу үчүн төлөнгөн күрөөнүн суммасы “анчалык чоң эмес”, эми ал сотто өзүнүн “ак экендигин көргөзүү үчүн” даярданмакчы. Ал буга чейин Иран сотунда башка жүздөн ашуун адам менен бирдикте 8-августта көрсөтмө берди. Алардын баары Иранда президенттик шайлоодон кийин орун алган демонстрацияларга байланыштуу айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG