Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

“Кылым шамы” УКМКнын жанына пикетке чыкты


Учурда беш укук коргоочу чакырыктарды жазып алып, кармап турушат, алардын жанында тарапкерлери жана журналисттер бар. Уюмдун өкүлдөрү “Кыргызстан – адам укуктарынын өлкөсү” ураанынын алдында терроризмге, экстремизмге каршы күрөштө адам өмүрүн, эркиндиктерин, укуктарды сактоону талап кылууда. Муну укук коргоочулар Ноокат, Жалал-Абад, Балыкчы окуяларында жай адамдар жабыркап атат, Эркин Бөлөкбаев, Аликбек Жекшенкулов, Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулов өңдүүлөргө саясий негизде куугунтук жасалып атат деп негиздөөдө.
Пикет өткөрүүгө болбой тургандыгын укук коргоочуларга №6 милиция бөлүмүнүн башчысы Канат Каракеев эскертти.
“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулованын билдиргенине караганда бир сааттык убакыт чектелген пикет мыйзамдык негиздерге таянуу менен өтүүдө.
Уюм пикет өткөрүү тууралуу Биринчи май райондук сотуна үч ирет билдирген. Биринчи жолкусунда жергиликтүү бийлик тыюу салган. Сотсуз, өз алдынча чечим чыгарып койду деген Азиза Абдырасулова Биринчи май райондук администрациянын чечимин териштирип берүүнү сурап, Биринчи май райондук прокуратурага жана райондор аралык сотко кайрылган болчу. Тараптар арызды караша элек.
Ал эми арыз берилгенден кийин райондук администрациянын аппарат башчысы Канат Айдаров акимчилик өз чечимин кайтарып алгандыгын укук коргоочуларга оозеки билдирген. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG