Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Пикетчилерге бийлик эскертүү берди


ИИМдин Биринчи май райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалай Шатманов, райондук прокурордун милдетин аткаруучу Алимов баштаган тартип кызматтары укук коргоочулардын адам укуктарын коргоо талабы менен Коопсуздук Комитетинин жанына пикетке чыгышы мыйзамсыз деп эсептешип, акцияны токтотпосо күч менен токтотууга аргасыз болушарын эскертишти.
Акциянын демилгечиси, “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова пикет аркылуу оюн эркин билдирүү жарандардын Конституциялык укугу деп эсептейт. Акцияны мөөнөтүнөн мурда токтоткону үчүн күч бийлигин сотко берерин билдирди.
Уюм пикет өткөрүү тууралуу Биринчи май райондук акимчилигине үч ирет маалымдаган. Биринчи жолкусунда жергиликтүү бийлик тыюу салган. Сотсуз, өз алдынча чечим чыгарып койду деген Азиза Абдырасулова Биринчи май райондук администрациянын чечимин териштирип берүүнү сурап, Биринчи май райондук прокуратурага жана райондор аралык сотко кайрылган болчу. Тараптар ал арыздар боюнча чечим чыгара элек.(BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG