Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Иранда оппозициялык маанайдагы гезит жабылды


Иран соту оппозициялык маанайдагы белгилүү гезитти убактылуу жапты. Бүгүн (17-августта) “Этемад-э Мелли” аттуу гезит Тегеран прокуратурасынын буйругу менен чыккан жок. Бул гезит оппозиция лидерлеринин бири, президенттик шайлоодо утулуп калган талапкер Мехди Каррубиге таандык болгону маалым. Акыркы күндөрү бул гезитте Тегерандагы абактардагы кыйноолор тууралуу байма-бай макалалар жарык көргөн. Анда негизинен митинг маалында камакка алынган оппозициянын тарапкерлери абактарда зордуктоолорго жана кыйноолорго дуушар болуп жаткандыгы тууралуу айтылат.

XS
SM
MD
LG