Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

БЭК жаңы жобо иштеп чыгат


Мындай чечимди оппозициялык кыймылдын бүгүнкү жыйыны кабыл алды. Жыйын жети кишиден турган жумушчу топ түзүп, төрагалыгына Азимбек Бекназаровду, орун басарлыгына Жоомарт Сапарбаевди шайлады. БЭКтин лидери, саясий кеңешинин мүчөлөрү жобо иштелип чыккандан кийин кайра чогула турган жыйында аныкталмай болду. Жобону иштеп чыгууга он беш күн мөөнөт берилди. Ал эми БЭКтин бир партияга биригери тууралуу маалымат жыйында тастыкталган жок. Кыймылдагы негизги СДП жана "Ата-Мекен" партияларынын лидерлери Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев бир күчкө айланууга каршы эместигин билдиришип, бирок, кандайдыр бир анык чечим бар экендиги тууралуу айтышкан жок. Белгилеп койчу жагы – БЭКтин бүгүнкү жыйынына Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракция мүчөлөрү катышкан жок. Алардын катарында башкы докладчы, фракция жетекчиси Бакыт Бешимов да бар. Башкы докладчынын келбей калышын штаб башчысы Азимбек Бекназаров жүйөлүү себептер менен байланыштырды. Бешимов менен байланышуу мүмкүн болгон жок.(BuS)

XS
SM
MD
LG