Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Д.Медведев: "Кол салууну алдын-алуу мүмкүн болчу"


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Назрандагы ири террордук кол салуудан кийин Ингушетиянын ички иштер министри Руслан Мейриевди кызматынан бошотту. Медведев бул кол салууну алдын-алуу мүмкүн болгонун билдирип, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү буйруду. Акыркы маалыматтар боюнча Ингушетиядагы Назран шаарында жанкечтинин кол салуусунан 20 киши мерт кетип, 140 киши жараат алды. Алардын ону балдар. Бийликтин маалыматы боюнча, жанкечти миналанган жүк ташуучу унааны милиция бөлүмүнүн аймагында жардырып жиберген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG