Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Чехия Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарууда


Прагада жарык көрүүчү “Млада Фронта Днес” гезитинин жазганына караганда, чыгарылып жаткандардын бири - Орусия элчилигиндеги аскерий атташенин орун басары. Мындан сырткары орусиялык дагы бир дипломатка чех бийликтери эмгек өргүүсүнөн кайтып келбөөнү сунуш кылышкан. Маалыматтарга караганда, чыгарылып жаткан дипломаттар Орусиянын чалгын кызматына иштегендер. Чех премьер- министри Ян Фишер кечээ журналисттер алдында сүйлөгөн учурунда орус дипломаттарына байланышкан маселени комментарийлөдөн баш тартты. Ал эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бул окуяны “кезектеги чагым “ деп атаганын Итар – Тасс жана Интерфакс агенттиктери кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG