Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

АКШ Мамкатчысы Египет президенти менен жолукту


Хосни Мубарак менен Хиллари Клинтон Жакынкы Чыгышта тынчтык жараянын жандандыруу мүмкүнчүлгүн Вашингтондо талкуулашты. Мамлекеттик департаментин өкүлүнүн жолугушуудан кийин билдиргенине караганда, президент Барак Обаманын администрациясы жакын арада жөөт – палестин диалогун уланткыдай шарт жаралат деп үмүттөнөт. АКШ менен Египет буга кызыкдар тараптардын баары: Израиль, Палестина, араб өлкөлөрү сүйлөшүүлөргө кайтууга мүмкүндүк берген жагдай жаратуу үчүн “параллель кадамдарды” жасоосу зарылдыгын макулдашты.

Бул аралыкта Хосни Мубарак мамлекет көзөмөлдөгөн “аль-Ахрам” гезитиндеги интервьюсунда араб өлкөлөрү Израилди Жакынкы Чыгыш боюнча адилет жана ар тараптуу тынчтык келишими жетишилген соң гана таанып, аны менен мамилесин нормалдаштырарын билдирген.

Бүгүн Ак үйдө Египет лидерин президент Барак Обама кабыл алары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG