Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Сот журналисттердин сотун 21-августка которду


Бүгүн Биринчи май райондук соту “Эл сөзү” гезитинин баш редактору Рыскелди Момбековго каршы соттук териштирүүнү күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу баштай алган жок. Сотко “Назар” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков Момбековду кылмыш жообуна тартууну сурап кайрылган. Ал мурдагы кесиптешин ар-намысыма шек келтирди деп жатат. Соттошуп жаткан тараптар ортосундагы араздашуу президенттик шайлоо алдында экиге бөлүнүп кеткен “Ачык саясат” гезитинде башталган. Учурда “Эл сөзү” гезитинин ээси Сагынбек Момбековго, баш редактор Рыскелди Момбековго каршы берген Жээнбековдун дагы үч арызы боюнча административдик тартипте соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Доогер өз арызын гезитке чыккан макалалар менен негиздөөдө. Жоопкер тарап муну негизсиз деп эсептөөдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG