Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачысы келип кетти


Иш сапардын учурунда Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачысы келип кетти Иш сапардын учурунда Петреус Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Анын катарында терроризмге, баңгисоодага каршы күрөш, Ооганстандагы кырдаал боюнча маселелер да болду. Петреус жолугушууда транзиттик ташуулар борборун ачууга уруксат бергени үчүн Кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди жана президент Курманбек Бакиевди кайра шайланышы менен жана 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Петреус сапар учурунда “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик ташуулар борборунда да да болду. АКШ элчилигинин маалыматына караганда ал 16-17-августта Кыргызстанда кезектеги Борбор Азия сапарынын алкагында болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG