Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Т.Тургуналиев: 50 чакты киши саясий туткун болду


Саясий куугунтукка каршы күрөшүү комитетинин (СаККК) төрагасы, оппозициялык ишмер Топчубек Тургуналиев жетектеген комитет Кыргызстанда 50 чакты кишиге саясий туткун макамын ыйгарды. Бул тууралуу саясатчы кечээ БЭКтин жыйынында билдирди. Комитеттин эсеби боюнча быйыл саясий себеп менен 34 киши, Балыкчы окуясы боюнча 19 киши камакка алынган. Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча алты киши жабыркаган. Эртең Топчубек Тургуналиев жетектеген комитет маалымат жыйынын өткөрүп, саясий куугунтуктоолор боюнча өз байкоолорун жарыялаган атат. Аталган комитет быйыл 14-январда түзүлгөн. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG