Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Майра Керим кызы дүйнөдөн өттү


Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы катуу оорудан кийин бүгүн мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу- Сай айылында туулган. Кыргыздын келини жана жээни Майра Керим кызы Эл аралык жана Республикалык көптөгөн сыйлыктардын катышуучусу жана жеңүүчүсү болгон. Анын элүүдөн ашык обондуу ырлары эл арасында ырдалып жүрөт. Манасчы Талантаалы Бакчиевдин маалыматына караганда маркумдун сөөгү Тоң районундагы Ак-Сай айылына коюлат. (BuS)

XS
SM
MD
LG