Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

М. Сариев: Оппозиция стратегия, тактикасын өзгөртүш керек


Саясат таанучу Марс Сариев оппозициялык күчтөрдүн биригүү аракеттери келаткан шайлоодо жемишин берет деп эсептейт.

- Марс мырза, кыргыз оппозициясы президенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартып калды. Эми алар жаңылануу, өзгөрүү тууралуу сөз козгоп жатышат. Сиздин оюңузча кандай өзгөрүү болушу мүмкүн, же болуш керек?

- Албетте, өзгөрүү болуш керек, оппозиция туура маселени көтөрүп атат. Менин оюмча оппозициянын кемчилиги өзүнүн программасын, стратегия, тактикасын өзгөртүш керек, анан бийликке жаңы лидерлерди жылдырыш керек. Менин оюмча, оппозиция бийликке политехнология жагынан аябай эле утулуп калды. Ошон үчүн Текебаев айткан сөз туура эмес болуп калды, биз өзүбүзгө өзүбүз политехнологбуз деп. Бийликтин стратегия, тактикасы, политехнологдору күчтүү болду, биз көрдүк, байкап калдык. Ошон үчүн ошол жактан аябай караш керек. Ал үчүн бир аналитикалык, изилдөө борбор болуш керек. Ошон үчүн илгерки методдор менен иштеген болбойт.

- Тактиканы өзгөртүш керек дегенде бул саясий күрөштүн митинг ыкмасын өзгөрүп, башка бир жолдого өтүш керек дейсизби, кандай болуш керек ал?

- Туптуура. Азимбек Бекназаров туура айтты, жердеги бийлик менен айыл өкмөттөн баштап, анан парламенттик күрөшкө кириш керек да. Мурунку стратегиядан эл деле чочулап калды.

- Оппозиционерлер биригүү жөнүндө дагы айтышты, кээ бир саясатчылар кайсы бир саясий партиянын базасында биригүү жөнүндө сөз кылып жатат, кээ бирөөлөр БЭКтин өзүн партияга айлантуу жөнүндө сөз кылып жатат. Сиз кандай ойлойсуз, кайсы багыттагы биригүү ыңгайлуу?

- Өзүңөр көрүп атасыңар, БЭКте дагы ынтымак жок болуп атат. Алардын баарынын биригишине деле көзүм жетпейт. Бирок “Ата мекен” менен “Социал-демократтар” биригип, бир муштум, бир борбор болсо, ошондо парламенттик шайлоодо аябай эле утуп кетишет. Молдованы деле көрүп атпайбызбы. Ошол сценарий менен барса жакшы болот эле.

- Социал-демокартиялык партия азыр парламентте депутаттары бар партия, партия мүчөлөрү парламентте мыйзам чыгарууга катышат, ал мыйзамдарга президент кол коюш керек. Ал эми президентти болсо мыйзамсыз шайланды деп партиянын лидери атап койду. Бул шартта кандай аракет кылыш керек Социал-демократтар эми?

- Чын эле азыр кызык абал болуп калды. Бирок мен ойлойм, сөз айткандан кийин бир жаңсыл болуш керек, сөздү кармаш керек, эми фракция чыгып кетиш керек. Көп деле зыян бийликке алып келбейт. Бирок бир принципте жүрсө, билесиңер Евросоюз, батыш колдоп атат, алар аябай эле карап турушат да, эки жүздүүлүк кылбай, бир принципте жүрсө, бир стратегияны алса мен ойлойм элдин жүрөгүн тартып алышат.

- Социал-демократтар мандатын таштап чыгып кетсе, парламенттик кризис чыгып, жаңы парламенттик шайлоого жол ачылышы мүмкүнбү?

- Социал-демократтар аз да парламентте, кризис деле чыкпайт эле. Бирок мен ойлой азыр бийлик деле кызыгып атат парламентти өзгөртөйүн деп. Бакиев азыркы бийлик батыштын көз карашы, дегеле акыбалды байкап атасыңарбы, бийлик деле кызыгып атат кризис болушуна. Мен ойлойм кышка жакын кризис болот. Бирок социал-демократтар чыгып кеткен менен, бийлик каалабаса кризис деле болбойт.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG