Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Жетим-Тоо маселесине арналган элдик жыйын болду


Нарын районуна караштуу Орток айылдык округунда 100 гө чукул адам катышкан элдик жыйын болду. Жетим -Тоодогу темир кенин иштетпөө боюнча бир добуштан пикир айтылды. Ага катышкан Нарын районуну акиминин орун басары Тазабек Мамырбаев ал жерлер 1962 жылы Жети-Өгүзгө ижарага берилгенин, бирок ал токтом табылбай жатканын билдирип, укук коргоо органдары ижарага алган экинчи тарап үчүнчү тарапка башка багытта ижарага берүүгө укугу барбы, ушул боюнча өз бааларын айта тургандыктарын билдирди. 2008- жылдын 10-августунда түзүлгөн Жетим - Тоону коргоо демилгелүү тобунун мүчөсү Аят Касымалиева аны иштетүүгө 500 ашык адам каршы экенин маалымдады. Жыйынга катышкан Орток жана Дөбөлү айылдык кеңештердин депутаттары да өз каршылыктарын билдиришти. (JI)

XS
SM
MD
LG