Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Балыкчы окуясы боюнча тергөө иши аяктоодо


Бул тууралуу адвокат Сартбай Жайчыбеков “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчы шаарында болгон окуяда кармалган 14 адамдын үстүнөн тергөө иши бейшемби күнү аяктап, материалдар адвокаттарга берилет. Ошону менен бирге иш сотко өткөрүлөт. Белгилүү болгондой Балыкчыда жарандар тобу акыйкат шайлоону талап кылып, жергиликтүү мэрияга келишкен. Ал жерде милиция чогулгандарды кууп тараткан. Ал эми кармалгандарга Конституциялык түзүлүшкө каршы чыккан, баш-аламандык уюштурган жана шайлоого тоскоолдук жасады деген айыптар коюлган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG