Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Майкл Жексон туулган күнүндө жерге берилет


Айтылуу поп –жылдыздын сөөгү жерге өзүнүн туулган күнү – 29 августа Лос –Анжелестин чет жакасында берилерин кечээ анын үй-бүлөсүнүн өкүлү билдирди. Тирүү болсо Жексон бул күнү 51 жашка чыкмак. Ырчыны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө туугандары жана жакын достору гана катышмакчы. Буга чейин 7- июлда Лос –Анжелесте Майкл Жексонду эскерүү иш чарасы өткөрүлүп, ал жерге ырчынын алтын табытка салынган сөөгү алынып келинген. Бул окуя теледен бүткүл дүйнөгө көргөзүлгөн эле. Поп – музыканын падышасы атыккан Майкл Жексон быйыл 25- июнда, 50 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Анын жүрөгү токтоп калуусуна себеп болгон жагдайлар али иликтенүүдө. Ырчынын өлүмүнө уктатуучу жана эс алдыруучу дарылардын ашыкча дозада берилишинин таасири болгон деген шек бар.

XS
SM
MD
LG