Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Талибандын Пакистандагы жолбашчысы мерт болгон


Байтулла Мехсуддун мерт болгондугу тууралуу маалыматты талибдердин Пакистандын коопсуздук күчтөрүнө колго түшкөн өкүлү ырастаган. Маалымат агенттиктеринин Пакистандын чалгын кызматтарына шилтеме жасап билдиришкенине караганда, пакистандык талибдердин лидеринин мурдагы башкы жардамчысы жана маалымат катчысы Маулви Омар Байттулла Мехсуд ушул айдын башында учкучсуз башкаруудагы америкалык учак жасаган ракеталык соккудан мерт болгонун айткан. Талибдер буга чейин Мехсуддун 5- августагы чабуулдан өлгөндүгү тууралуу кабарларды төгүндөп келишкен эле.

XS
SM
MD
LG