Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:56

АКШ жана Египет президенттери Вашингтондо жолукту


Бул Хосни Мубарактын АКШга акыркы алты жыл ичинде жасаган алгачкы сапары, ошондой эле Барак Обама менен Ак үйдөгү биринчи кездешүүсү болду. Жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Обаманын билдиргенине караганда, ал азыр палестин аймактарында жөөт конуштарынын курулушун токтотуу маселесинде Израилдин туруму жумшара баштаганынын белгилерин көрүүдө. Вашингтон байистүү араб өлкөлөрү да Израилди ошол курулуштарды токтотууга шыктандырган жооп кадамдары жасоосу керек деп эсептейт.Ал эми Хосни Мубарактын айтымында, араб өлкөлөрү тынчтык жараянына Израиль менен Палестинанын түз сүйлөшүүлөрү жандангандай кийин гана жигердүү аралаша алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG