Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

ЭВК: Дүйнөлүк экономика оңоло баштады


Эл аралык валюта корунун билдиргенине караганда, дүйнө рецессиядан чыга баштаганы менен экономикадагы оңолууну кармап туруу дүйнөнүн экономикасы ири мамлекеттеринен жаңы кадамдарды, жаңыча ойлонууну талап кылат. Валюта корунун баяндамасында белгиленгендей, глобалдык экономикадагы кайра жандануу маселен АКШ сындуу керектөө жогору өлкөлөрдөн көңүлдү эми экспортту көбөйтүүгө бурууну талап кылат. Ал эми Азиянын Кытай сындуу өлкөлөрү элди акчаны көбүрөөк короттууга шыктандырган жана экспортко болгон суроо –талапты күчөтүүгө багытталган чараларды көрүшү керек. Баяндамада ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөр капиталдын кризиске чейинки деңгээлде келүүсүн жакынкы жылдары көрө албоосу мүмкүн экендиги белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG