Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Абийир туткундарынын тизмеси жарыяланды


Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев баш болгон Ысык-Көл, Чүй облусунан келген өкүлдөр бүгүн маалымат жыйын өткөрүшүп, бийликтин куугунтугуна кабылган абийир туткундарынын тизмесин жарыялашты. Ага ылайык Балыкчы шаарында 19, Бишкек шаары менен Чүй аймагы боюнча 35 абийир туткундары бар. Т.Тургуналивдин айтымында, бул тизмедеги адамдарга президенттик шайлоодон бери болуп көрбөгөндөй басым-кысымдар уюштурулуп, куугунтук жасалууда. Аталган тизме демилгечилердин “Бакиев, репрессияны токтот!” деген аталыштагы чакырыгы алдында жарыяланды.

Эскерте кетсек, бийлик өкүлдөрү өлкө аймагында эч кандай куугунтуктоолор жок экендигин, оппозиция койгон айыптар жалган жалаа экендигин айтып келатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG