Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

2009-жылы инфляция 7,5 пайыздан ашпайт


Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет. Мындан мурда бул жылы инфляциянын деңгээли 15 пайызга жакындап барары болжонгон болсо, Улуттук банктын жаңы билдирүүсүндө ал көрсөткүч 7,5 пайыздан ашпай турганы болжонот.

Ошондой эле Улуттук банктын билдирүүсүндө, ушул жылдын алгачкы жети айында экономикалык өсүш жайлаганы байкалды. Ички дүң продуктусунун өсүшү 1,5 пайызды түзүп, 2008-жылдагыдан кыйла төмөн болду. Экономикага кредит тартуу өлчөмү да кыскарып, калктын керектөө мүмкүнчүлүгү жана реалдуу пайдасы да азайып кеткен. (IJz)

XS
SM
MD
LG