Туризм боюнча агенттиктин маалыматында, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнөн 977 миң киши келген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга көп дегенди билдирет. Алыскы чет өлкөлөрдөн быйыл 41 миң турист келген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайызга аз болуп саналат. Быйыл Тажикстандан жана Өзбекстандан келген туристтер көп болгон. (AzK)