Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

БУУ шайлоо алдында ооган бийлигине кайрылды


Бириккен Улуттар уюму расмий Кабулду шайлоодогу медиа чектөөнү жоюуга чакырды. Ооган өкмөтү эл аралык жана жергиликтүү маалымат каражаттарын шайлоо күнүндөгү кандуу окуялар тууралуу маалымат бербөөгө чакырган эле. Бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министрлиги «буйрукту бузган маалымат каражаттар жабылып, чет элдик журналисттер өлкөдөн чыгарыларын» эскертти. Журналисттер менен укук коргоочулар бул буйрукту сынга алышууда. Талип козголоңчулары эртең өтө турган президенттик жана аймактык кеңештерге шайлоону үзгүлтүккө учуратаарын эскерткен. Бүгүн Ооганстандын Британиядан көз карандысыздык алганына 90 жыл толду.

XS
SM
MD
LG