Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

“Кыргызпатенттин” башчысы кызматтан кетиши мүмкүн


Бул мекеменин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Улан Мелисбек кызматтан кетүүгө арыз берүүнү ойлонуштуруп жатат. Белгилүү болгондой акыркы мезгилде Улан Мелисбекке байланыштуу жаңжалдар чыгып, анда “Кыргызпатенттин” башчысы кызмат абалынан пайдаланууда деген айыптар коюлган. Улан Мелисбек ал айыптарды четке кагып, аны каралаган маалымат тараткандарды сотко берүүнү да караштырып жатканын мекеменин маалымат кызматы кошумчалаган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG