Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Иранда парламент президенттин сунушун күтүүдө


Парламент Махмуд Ахмадинежаддан өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн курамы боюнча сунушту күтүүдө. Президент өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча тизмени экинчи мөөнөткө кызматына расмий киришип, ант бергенден эки апта ичинде жолдоосу керек эле. Бул мөөнөт кечээ кечинде аяктады. Талапкерлер тизмеси парламентке келген-келбегени азырынча расмий айтыла элек.

Өкмөт курамы парламенттин жактыруусунан өтүүсү керек. Кабарларга караганда, Ахмадинежад көргөзгөн айрым талапкерлер парламенттеги байистүү саясатчылар менен катар президенттин июндагы талаштуу шайлоодогу жеңишин мыйзамсыз деп эсептеген консерваторлордун да каршылыгына кабылуусу мүмкүн.

Ахмадинежад бул ирээт 21 министрдин үчөөсү: саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык камсыздоо министрлигине аялдарды көргөзөрү күтүлүүдө. Эгер алар бекитилсе, бул Ирандын соңку 30 жылдык тарыхында аялдардын министрлик кызматка алгачкы ирээт келүүсү болот. Президенттин кеңешчисинин айтымында, Ахмадинежад ошондой эле тышкы иштер министрлигинде Манучекир Моттакинин калуусун сунуш кылмакчы.

XS
SM
MD
LG