Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Иракта коопсуздук чаралары кайра каралат


Премьер- министр Нури ал –Маликинин мындай буюругу алдында кечээ өлкө башкааласы Багдадда бир учурда орун алган жардыруулардан 95 адам өлүп, 500дөн ашууну жаракат алган эле. Окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Премьер- министр Нури ал- Малики болсо өз билдирүүсүндө тышкы иштер, каржы министрликтери жайгашкан имараттардын жанында жасалган жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида” менен Саддам Хусеиндин мурдагы жактоочуларына жүктөдү. Ирак өкмөт башчысы билдирүүсүндө өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн террорчуларга каршы турууга даремети жетээрин да белгиледи. Кечээги жардыруулар акыркы он сегиз ай ичиндеги эң ири кол салуу болуп калды.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, АКШнын вице- президенти Жо Байден ал-Маликиге телефон чалып, жардырууну айыптады жана экстремисттер менен күрөштө АКШнын Иракка тилектештигин айтты.

Америкалык расмий өкүлдөр ошондой эле кыянатчылыктар көбөйгөнү байкалып жаткананына карабай, АКШ аскерлерин алдыдагы эки жылда Ирактан чыгарууну караган план улантыларын кошумчалашууда.

XS
SM
MD
LG