Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Мектеп төлөмдөрүн мыйзамдаштырууга каршылык болууда


“Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” коомдук фонду билдирүү таратып, вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаеванын “мектептердеги акча чогултуу аракетин мыйзамдаштыруу” демилгесин айыптоого алды. Анда вице-премьер-министрдин мындай демилгеси, балдардын билим алууга болгон укуктарын камсыздоочу мыйзамдарга жана эл аралык нормаларга каршы келери айтылат.

Ошондой эле билдирүүдө, “ЮНИСЕФтин” маалыматы боюнча 40 000дей жаш балдар мектептерден тышта калышканын, ага карабай мамлекет барган сайын балдардын жалпы билим алуу укугун чектеп жатканы айтылат. “Маселен, учурда мектепке киргизүү үчүн да жең алдынан акча берүү керек, андан тышкары ай сайын алынчу төлөмдөр, мектеп формалары сыяктуу толгон-токой тоскоолдуктар бар. Аларды ар-ким эле көтөрө албайт”,- делет уюмдун билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева орто мектептердин директорлору менен жолугушуу учурунда, мекетептерде окуучулардан алынып жаткан төлөмдөрдү мыйзамдаштыруу керектигин айтып, бул процесс ачык жүрүшү керектигин, бардык төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлүшү зарылдыгын билдирген. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG