Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Депутаттар Балыкчыда камалгандарга жолуга алышпады


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрт депутаты бүгүн Балыкчы шаарына барып, 23-июлдан бери ал жерде камакта жатышкан он төрт адамга жолугууга аракет кылышты. Балыкчыга барган депутаттардын бири Ирина Карамушкина “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип, аларды камалгандар менен жолуктурбай коюшканын, ошол себептүү камакта жаткандарга тамак-аш гана киргизип чыгышканын айтты. Депутаттар менен бирге ал жерге камакта жаткандардын жактоочулары да барышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG