Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Нарын облусунда баңги заттарга байланыштуу кылмыштар көбөйүүдө


Бул жөнүндө 20-августта Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Мисалы өткөн жылдын сегиз айында облустан 418 грамм баңги заты кармалса, бул жылдын сегиз айында кармалган баңги заттын көлөмү 33 кг 577 граммды түзөт. Алыскы облуста бул жылы алгач ирет баңги заттын героин түрү кармалган. Ушул жылдын 14-июлунда Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасынын Ноот участогунан жумгалдык үч адам кармалган. Алар жалпысынан 33 кг 100 грамм марихуана түрүндөгү баңгизаттарын чогултуп, кургатып, сатуу үчүн алып келе жаткан жеринен Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын орун басары Орозбек Молдосариев жетектеген кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалган. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG