Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Ооганстанда шайлоо аяктады


Бийликтер президенттик жана жергиликтүү шайлоолор тынч өткөнүн, бирок жалпы катышуучулардын санын айтуу эртерек кыларын айтууда. НАТОнун баш катчысы Адерс Фог Расмуссен шайлоонун жүрүшү үмүт жаратканын, талиптердин коркутуусуна карабастан, болжогондон көп санда шайлоо бекеттери ачылганын белгиледи. Ошол эле убакта, жер-жерлерде кооптуу окуялар болду, анын ичинде Баглан шаарындагы кагылышта 22 кишинин өлүгү чыкты. Мамлекет башчысына шайлоодо учурдагы президент Хамид Карзай эң көп колдоого ээ болот деп күтүлүүдө. Мурдагы финансы министри Ашраф Гани жана мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла Карзайдын башкы атаандаштары саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG