Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Шотландиянын чечими АКШда кыжырдануу жаратты


1988-жылдын 18-декабрында Пан Американ авиакомпаниясынын учагы Шотландиянын Локерби шаарынын үстүнөн жарылган. Анда каза тапкан 270 адамдын басымдуу бөлүгү америкалыктар эле. Бул жардырууга тиешеси бардыгы үчүн Ливиянын Абдель Бассет аль- Меграхи ысымдуу жараны Шотландияда соттолуп, сегиз жылдан бери жаза мөөнөтүн өтүп жаткан.

Рак дартына чалдыккан, катуу орулуу аль-Меграхини Шотландиянын бийликтери кечээ гуманитардык жүйөдөн улам деп бошотту жана ал мекенине учуп кетти. Вашингтондон түшкөн кабарларга караганда, Локерби жардыруусунда жакындарын жоготкон америкалыктар бул жаңылыкты кыжырдануу менен менен кабыл алышты. Ал эми президент Барак Обама Шотландиянын кадамын “жаңылыштык” деп атады. Обаманын айтымында, анын администрациясы Ливиянын өкмөтүнө аль-Меграхи баатыр катары тосулбашы жана үй камагында кармалуусу керектигин билдирген.

Бул аралыкта Триполи шаарында аль- Меграхи жана Ливия президенти Муаммар Кадафинин аны коштоп барган уулу түшкөн учакты жүздөгөн ливиялыктар тосуп алды.

XS
SM
MD
LG