Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Батыш Ооганстандагы шайлоону кубаттады


Элдин добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү Талибандын согушкерлеринин кол салуу коркунучу сакталган шартта, балким, төмөн болду деген маалыматтарга карабай, Батыш Ооганстандагы кечээги шайлоону демократиянын жеңиши ирээтинде баалоодо. Вашингтондон АКШ президенти Барак Обама буларды билдирди:

-Биз Ооганстандагы согушкерлерге кысым көргөзүүнү күчөтүп жатабыз. Ал жерде өткөн шайлоо талибдердин тоскоолдук жасоо аракетине карабай, ийгиликтүү болгондой.

НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен Ооганстандын экинчи президенттик шайлоосун ооган элинин демократия курууга умтулуусунун белгиси катары мүнөздөдү.

Кабарларга караганда, шайлоо күнкү кыянатчылыктардан жөн-жай тургундарды жана коопсуздук кызматкерлерин кошкондо кеминде 26 адам каза тапты, ошол эле учурда кагылыштарда Талибандын 20дан ашуун согушкери жок кылынган.

Шайлоонун биринчи баштапкы жыйынтыктары билинүүсү үчүн бир нече күн талап кылынат. Ал эми соңку жыйынтык сентябрь айына барып чыгарылмакчы.

Ооган шайлоо комиссиясынын өкүлү Зекриа Баракзай “Ассошейтед пресс” агенттигине анын эсебинде, добуш берүүгө каттоодон өткөн шайлоочулардын 40-50%ы катышканын билдирди. 2004-жылкы президенттик шайлоодо бул көрсөткүч 70%ды түзгөн. Азыркы добуш берүүгө катталган шайлоочулардын саны 15 миллиондон ашуун.

Эгер президент Хамид Карзай баштаган талапкерлердин бири да 50%дан ашуун добуш топтой албаса, шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү керек. Мурдагы тышкы иштер министри доктор Абдулло Абдулло жана мурдагы каржы министри Ашраф Гани – Карзайдын азыркы шайлоодогу башкы атаандаштары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG