Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Бакиевди экинчи мөөнөтү менен куттуктап жатышат


Президент Курманбек Бакиевдин кайрадан мамлекет башчысы болуп дайындалышына байланыштуу Франциянын президенти Николя Саркози жана Ооганстандын президенти Хамид Карзай куттуктоо жөнөтүштү. Ошондой эле Ливиянын Элдик конгрессинин баш катчысы Муаммар Каддафи менен Экономикалык кызматташуу уюмунун баш катчысы Хуршид Анвар куттукташты. Кыргызстанда президенттик шайлоо 23-июлда өткөн. Ага алты талапкер катышып Курманбек Бакиев добуштардын басымдуу бөлүгүн алган. Кыргыз оппозициясы жана айрым эл аралык уюмдар добуш берүү одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришкен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG