Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Балыкчы окуясы боюнча сот бир айдын ичинде болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” Балыкчы окуясында кармалгандардын адвокаты Сартбай Жайчибеков билдирди. Анын айтымында, кечээ тергөө иштери аяктап, анын жыйынтыгы айыпталып жаткандарга таанышуу үчүн берилди. Материалдар менен таанышуу бир жуманын ичинде аяктайт, сот бир айдын ичинде болуш ыктымал, дейт С. Жайчибеков. 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчыда чыккан тополоңдон он төрт киши кармалган. Аларга “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, массалык баш-аламандык уюштурууга аракеттенди”, деген айыптар тагылууда. Адвокаттын айтымында, айыпталып жаткандарды сот күнөөлүү деп тапса, алар акчалай айыптан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Оппозиция бул камоолорду саясий куугунтук катары сыпаттап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG