Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Аксы – Ала-Бука жолунун курулушу аяктады


23 чакырым аралыктагы жолду облустагы жол курулуш ишканасы куруп бүттү. Бул тууралуу бүгүн областтык бийликтин маалымат кызматы билдирди. Буга жол азабын тарткан эл ыраазы болууда. Автоунаа жолунун курулушу Өзбекстан өз аймагын жаап, коңшу эки районду бири-бирине каттатпай койгондон кийин башталган. Аксы – Үч-Коргон жолу да жакын арада бүткөнү турат. Ушу тапта Аксынын район борбору Кербен шаарына ашуучу 3-4 чакырым ашуу жол тапталууда. Коңшу өлкө совет биримдиги тушунда салынган жолдор аркылуу жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгондон кийин Кыргыз мамлекети аталган жолдорду курууга мажбур болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG